Пара алууга шектелип Жаратылыш министрлигинин эки кызматкери кармалды

Ишкерлерден пара талап кылган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 61 жаштагы О.М.К. жана 34 жаштагы Д.О.М. өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кармалган О.М.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ал эми Д.О.М. өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулду.

Тергөө иштери уланууда.

15 Май 2026 жыл 17:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча