BIA.KG сайтынын журналисти Пекин шаарына жакын жайгашкан Чанпин районунда болуп, ал жактагы өзгөчө тажрыйба менен бөлүштү. Жергиликтүү калк бул райондо клубника өстүрүп гана тим болбостон, аны терип кетүүгө келген коноктор үчүн да жагымдуу шарт түзүп коюшкан. Үй-бүлө менен барып, таза аба жутуп, талаадан клубника терип, жагымдуу күн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар экен.
Журналисттин айтымында, мындай практика Кыргызстанда да ишке ашса болот. Чүй облусунун Кызыл-Туу жана Кун-Туу айылдары даамдуу жана ширелүү клубникасы менен белгилүү. Эгер ошол аймактарда да шарттар жакшыртылып, туристтерди кабыл алган, клубника терүү жана эс алуу үчүн ылайыкталган жайлар уюштурулса — бул айыл чарба, ишкерлик жана туризмди бириктирген сонун долбоор болмок.
“Мындай демилгелерди көтөрүү менен биз элибизге да, жергиликтүү дыйкандарга да пайда алып келчү экосистеманы түзө алабыз”, — дейт журналист.
Кыргызстандын жаратылышы, климаты жана эмгекчил эли ушундай агро-туризмдик долбоорлорду ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүк берет. Эми муну ишке ашыруу гана калды!