Постто турган жоокер жанындагы шеригин атып алган

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Кара-Көл шаарындагы 7706 аскер бөлүгүнүн №1 кароолунда (Токтогул ГЭСи) турган катардагы жоокер жанындагы шеригин атып алган. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 20-ноябрда таңкы саат 05:50дө катталган.

«21 жаштагы жоокер У.Б. жанындагы жоокерди атып алган. Алган жараатынан улам 20 жаштагы жоокер С.Т. жеринде каза болду», — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктан кийин У.Б. аттуу жоокер бекитилген куралы менен кароол жайын таштап, белгисиз жакка качып кеткен.

Учурда жоокерди издөө жана тиешелүү орган кызматкерлери тарабынан окуянын чоо-жайын териштирүү иштери жүрүүдө.

20 Ноябрь 2023 жыл 13:28

Тема боюнча