Президент 1000 орундуу балдарды реабилитациялоо борборун куруу тапшырмасын берди

Каныбек Туманбаев Президент тарабынан 1000 орундук балдарды реабилитациялоо борборун куруу боюнча тапшырма берилгенин билдирди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Келечек» балдарды реабилитациялоо борборунда дарыланып жаткан балдардан кабар алып, жаңы жылдык белектерин тапшырды.

Аталган иш чарада Каныбек Туманбаев, «»Келечек» балдарды реабилитациялоо борбору туура 1 жыл мурда Бакиевдердин үйүнүн ордуна курулган. Учурда өлкөнүн ар бурчунан келген муктаждарга кызмат кылууда. Президентибиз дагы 1000 орундук балдарды реабилитациялоо борборун куруу боюнча тапшырма берди. Учурда долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө»-деп билдирди.

Туманбаев балдарга белектерин тапшырып, борбордун жааматына келе жаткан Жаңы-жыл менен куттуктады.

27 Декабрь 2023 жыл 18:46

Тема боюнча