Президент “Билим берүү жөнүндөгү” жаңы мыйзамга кол койду. Эми эмне өзгөрөт?

Бүгүн президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамга кол койду.

Эксперттик топ жана Жанар Акаев башында турган демилечи депутаттар бул мыйзам долбоор менен дээрлик эки жылдай иштеген. Шайлоо алдында да “Альянс” партиясынын элге берген башкы убадаларынын бири ушул демилге болгон.

Эми эмне өзгөрөт?

Бала-бакчалардын санын тездик менен көбөйтүүгө шарт түзүлдү. Азыр өлкө боюнча бул 24% гана камсыз болгон, бала-бакча жетишсиздиги өтө курч.

Мектептерде мугалимдердин колу-бутун тушаган аккредитация эми милдеттүү болбойт. Мугалимдердин башкы суранычы ушул болчу.

Ваучер системасы (окуучуну ээрчиген акча) 2026-жылга чейин пилоттук негизде башталат. Бул чоң атаандаштык алып келет, натыйжада билим берүүнүн сапаты жакшырат.

Кесиптик лицейлерге, колледждерге жана университеттерге административдик, финансылык жана академиялык берилет.

15 Август 2023 жыл 13:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча