Бүгүн президентке караштуу Улуттук илимдер академиясында саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жумагул Сааданбековдун «Президент Садыр Жапаров – жаңы Кыргызстандын жаратманы» аттуу китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, академиктер жана коомдук ишмерлер катышты.
«Лидерлер басып өткөн жолу, күчтүүлүгү, эрктүүлүгү менен айырмаланат. Илимий-далилдүү фактылар менен жазылган бул китебиңиз абдан таң калтырды. Сиз Кыргызстандын басып өткөн тарыхын, экономикасын талдап бердиңиз. Жаштар лидерлердин ишин, жашоосун жакшы билүүсүнө мыкты курал экен», — деди Догдуркүл Кендирбаева.
Китепте президент Садыр Жапаровдун балалык жана өспүрүм кезинен тартып, өз алдынча жасаган алгачкы кадамдары, мамлекетти башкаруунун оптималдуу моделин издөө жолу, жүргүзгөн реформалары жана жетишкендиктери тууралуу баяндалат.