Президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда жыл аягында айыл өкмөт башчыларынан тартып акимдердин, губернаторлордун, мэрлердин жана министрлердин ишинин жыйынтыгы чыгарыларын билдирди.
Жолугушууда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Масалиев айылынын тургуну акыркы жылдары өлкөдө иштер жүрүп жатканын, бирок облустук жана райондук деңгээлдеги жетекчилердин ишинде ыкшоолук бар экенин белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстанда сугат жана кайрак жерлерди трансформациялоо, жарандарга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселелери чечилбей келет. Ал жер бөлүштүрүү тартибин жөнгө салган жоболорду кайра карап чыгуу зарылдыгын айтып, айрым арыздар электрондук башкаруу системасы киргизилгенге чейин катталбай калганын белгиледи.
Ошондой эле ал мыйзамсыз курулуштарды бузуу маселесин көтөрүп, төртүнчү категориядагы аймактарга, анын ичинде 26 метрлик зоналарга байланыштуу талаптардын кесепетинен канча үй бузулары белгисиз болуп жатканын айтты.
Президент Садыр Жапаров эгерде объектилер кызыл сызыкка курулуп калган болсо, мыйзамга ылайык бузуларын белгиледи. Ал эми имараттар мыйзамсыз же адилетсиз түрдө буздурулуп жатса, жарандар сотко кайрылып, компенсация талап кыла аларын айтты.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы жергиликтүү жетекчилердин ишиндеги ыкшоолук маселесине токтолду.
«Рахмат, Ыбрайым аксакал, туура айттыңыз, облустук жетекчилер ыкшоо иштеп жатышат деп. Муну мен да дайыма айтып келе жатам. Мурдагыдай 30-40 миң сом айлык алып отурушкан жок. Азыр айлык акыларын көтөргөнбүз. Алды 100 миң, арты 70-80 миң сом алат. Жаңы машинелери бар, бирок дагы деле иште ыкшоолук бар», — деди Жапаров.
Президенттин айтымында, борбордук мамлекеттик органдарда иш жигердүү жүрүп жатканы менен, облустук жетекчилерден баштап төмөнкү деңгээлдерде ишти жакшыртуу зарыл. Президент жыл аягында жергиликтүү жана мамлекеттик жетекчилердин ишинин жыйынтыгы чыгарылып, алардын аткарган иштерине баа берилерин кошумчалады.