Бишкекте бүгүн 30-августта президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер катышты.
Ачылыш аземинде президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул имарат эгемендиктин, өнүгүүнүн символу болот деп айтты.
Президент бийликке келген учурда өлкөдөгү экономикалык өнүгүүнү камсыздоо убадасын бергенин белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн бюджетти эки эсе көбөйтүп, жыл сайын 7 пайыздан кем эмес өнүгүү камсыз кылынганын билдирди.
Коопсуздук үчүн коңшу өлкөлөр менен чек ара такталып жатканын айткан мамлекет башчы Тажикстан менен чек араны аныктоо акыркы этапка келгенин жарыялады.
Жапаров коррупцияга каршы күрөштө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин салымы чоң экенин белгилеп, аны замандын баатыры деп атады.
Жаңы имарат “Ынтымак Ордо” деп аталды. Анын курулушу эки жыл мурда башталган, пайдубалын түптөө салтанатына Жапаров өзү катышкан. Жаңы ордо мурдагы “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна курулду.