Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү, экс-депутат Зиядин Жамалдинов 2026-жылдын 10-июнуна чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1) камакка алынды. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастап, Жамалдиновдун бөгөт чарасы 15-апрелде каралганын билдирди. Президенттин облустагы мурдагы өкүлүн камоо тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү өтүнүч келтирген.
Соттун маалыматына караганда, Жамалдинов Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» (41-беренесинин 2-бөлүмү) жана «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо» (263-берене) беренелеринин негизинде шектелүүдө.
ИИМ Жамалдиновдун кармалышы боюнча маалымат бере элек.
Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.