Президенттин ЖКдагы өкүлү алмашты

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов кызматтан алынып, анын ордуна Бектур Зулпиев дайындалды.

Алмасбек Абытов “Азаттыкка” ден соолугуна байланыштуу кызматтан өз каалоосу менен кеткенин билдирген.

Вл эми Зулпиев 2023-жылдан бери президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп келген.

13 Февраль 2026 жыл 16:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча