Прокуратура майыптыгы бар аялдарга бөлүнгөн акча мыйзамсыз жумшалганын аныктады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери майыптыгы бар аялдарды окутуп, аягында иш менен камсыздоо боюнча долбоорго багытталган акчаны кымырып алышкан деп шек саналууда.

Башкы прокуратура 11-июнда маалымдагандай, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголду.

Маалыматта жазылганга караганда, Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы аталган министрликтин кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, «пайда көрүү максатында «М.А.Р.К.К.А.» коомдук бирикмеси менен келишим түзгөн. Анда майыптыгы бар аялдарды окутуп, иш менен камсыз кылууга багытталган долбоорду ишке ашыруу тууралуу макулдашылган.

«Бирок эч кандай иш жүргөн эмес. Жасалма документтер боюнча жасалма отчетторду кабыл алышып, мамлекеттин акчасын жеке кызыкчылыктарына пайдаланышкан. Жыйынтыгында майыптыгы бар адамдардын укугу бузулуп, мамлекетке 1 млн 440 миң сомдук зыян келтирилген», — деп жазылган анда.

12 Июнь 2024 жыл 10:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча