25-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда прокурор судьядан акын жана активист Аскат Жетигенди күнөөлүү деп, сегиз жылга эркиндигинен ажыратууну сурады. Мамлекеттик айыптоочу Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен төрт жыл, “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен алты жыл чегерип, жалпы сегиз жылга абакка кесүүнү сурады.
Бул жолку соттук отурумда тараптар жарыш сөзгө чыкты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.
20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.