Орусия башчысы Владимир Путиндин бешинчи президенттик мөөнөткө киришкенден кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапары Кытайда өтөрү, ал 16-17-май күндөрү Бээжин жана Харбин шаарларында болору 14-майда Кремлдин сайтында жарыяланды.
Путин Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, өкмөт башчысы Ли Цян менен жолугушуп, орус-кытай кызматташтыгына арналган бир нече иш-чарага катышат.
Bloomberg басылмасы Путин бул сапары менен эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатууну көздөп жатканын белгилеген. Быйыл март айында Кытайдын Орусияга экспорту бир жыл мурдагыга салыштырганда Батыштын санкцияларынан улам 16 пайыз төмөндөшү ыктымал экени айытылган.