Сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
«Райым миллион» деген ат менен таанылган Матраимов 26-декабрга чейин СИЗОдо болот.
Сот УКМКнын Мамлекеттик тергөө комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын узарткан.
Эске салсак, Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.