Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Ош шаарындагы үйү жайгашкан жер мамлекетке кайтарылды. “Азаттыкка” бул тууралуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов 6-июнда билдирди.
«Матраимовдун Супаналиев көчөсүндөгү 15, 17 даректеринде жери бар экени буга чейин аныкталган болчу. Учурда Супаналиев 17 дарегиндеги жери мамлекеттин карамагына өттү», — деди ал.
Буга чейин Пирматов Райымбек Матраимовдун жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун үйлөрү жайгашкан тилке «Балдар чыгармачыл борборуна» таандык социалдык мекеменин жери экенин, аны мамлекетке кайтаруу иши жүрүп жатканын маалымдаган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү Супаналиев көчөсүндөгү үйдүн дарбазасына февраль айында атайын кызмат мөөр басып кеткен.
Январда Ош мэриясы үйдүн тосмолору мыйзамдуу аянтынан тогуз метр чыгып кеткенин билдирип, дубалдарын бузган.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков жана анын жакындары Ош шаарындагы үйүнүн жери боюнча комментарий бере элек.