Рейтингдик мелдеш: Тыныбекова менен Медет кызынын атаандаштары белгилүү болду 

Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан “Zagreb Open” биринчи рейтингдик мелдешинде Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Меден кызынын биринчи атаандаштары белгилүү болду.

Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун социалдык тармактагы расмий баракчасында жарыялангандай, аталган мелдеште 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова япониялык балбан Сакура Мотоки менен кез келет.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Тыныбекова Мотоки менен финалдык беттеште күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону аталган.

Ал эми 76 кг салмакта Айпери Медет кызынын биринчи атаандашы америкалык балбан Аделина Грей болмокчу.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 10-14-январь күндөрү Хорватияда өтүп жаткан рейтингдик мелдешке катышууда. Курама команданын башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков.

Курама команданын тизмеси:

  • 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
  • 68 кг Нурзат Нуртаева;
  • 76 кг Айпери Медет кызы.
11 Январь 2024 жыл 10:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча