Кыргызстанга Россиядан 15 миң 681 кг йогурт азыктарын мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ташып келүү Ветеринардык кызматтын «Ак-Тилек» чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган.
Тактап айтканда, жүктүн ветеринардык коштомо документи жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.