Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Олимпиадада кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин финалында америкалык Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күрөшүп, 3:0 эсебинде жеңилип калды.
Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 8:6 менен жеңсе, ал эми жарым финалдык беттеште нигериялык, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси 35 жаштагы Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңген.
25 жаштагы Жуманазарова Токиодогу Олимп оюндарында коло байге тагынган. Дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону. Азия оюндарында коло медал уткан. Бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.