Сүйүнчү! Ошто үч эм төрөлдү

Ош шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу 32 жаштагы Чолпон Садирали кызынан кабар алды.

Мэрдин орун басары эне-бала саламаттыгын сурагандан соң Ош шаарынын мэриясынын атынан сүйүнчү акчасын берди.

Белгилей кетсек, Чолпон Садирали кызы жолдошу Азамат Мусаевдин үй-бүлөсүндө эми 5 баласы бар.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга, Али, Айлин, Аманда деген ысымдар берилди.

9 Октябрь 2024 жыл 17:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча