Сүлүктү шаарында сел жүрдү

Сүлүктү шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда селдин кесепеттерин жоюуга 26 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 1 техника тартылып, жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-майда саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында сел жүрүп, Раззаков көчөсүндөгү сел сайга салынган ички чарбалык көпүрөдөн сел суулары ашып, каптаган.

Кошумча маалымат берилет.

6 Май 2024 жыл 8:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча