Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдыгы белгиленүүдө

1-июль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында даанышман-ойчулдар, Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык маараке тою өтүүдө.

Иш-чарага бүгүн расмий түрдө старт берилип, «Улут баскан улуу жол» аттуу фестиваль башталды.

Учурда Каракол шаарынын борборуна 50гө жакын боз үй тигилип, ар бир дубан кол өнөрчүлүгү, кыргыздын каада салт санаасын менен таныштырышууда.

Андан сырткары кыргыз казак эл аралык төкмө акындарынын айтышы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өтүүдө.

Каракол шаарынын борбордук скверинде манасчылар манас айтып, салттуу музыка сынагы да болууда.

Улуу ойчулдарга арналган илимий конференция түштөн кийин Каракол шаарындагы Карагат мейманканасынын конференция залында болот.

Иш-чара 2-июлга чейин уланып, сынактардын жыйынтыктары чыгарылып жеңүүчүлөргө байгелерди тапшырылат.

2 Июль 2023 жыл 10:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча