Садыр Жапаров бишкектиктерге нааразы болду

Президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу Бишкек шаарынын тургундарын коомдук транспортто жүрүүдө жол кире акысын «Тулпар» же башка карта менен төлөөгө чакырды.

Эске салсак, буга чейин Бишкек мэриясы накталай төлөмдөр үчүн жол кирени көтөрүүнү пландап жатканы кабарланган. Максаты — калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу.

Өлкө башчы шаардыктар карта менен төлөөгө өтпөсө мэрия накталай жол кирени көтөрүүгө аргасыз болорун белгиледи.

«Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Карточка алып коюу ушунчалык оорбу силерге? «Тулпар» же башка карта менен төлөгөндөргө жол кире көтөрүлбөйт. 17 сом бойдон калат. Накталай төлөмдөр канча түшүп жатканын эч ким билбейт. Ток этер жерин айтканда, айдоочунун чөнтөгүнө кетет. Ошондуктан ар бир шаардык жаран карта алгыла да 17 сомдон төлөгүлө. Ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу? Накталай эмес төлөгөндө гана акчанын баары автобазанын эсебине түшөт дагы автобустарды тейлөө, оңдоо иштерине жумшалат», — деди президент.

Ал ошондой эле накталай төлөөнүн дагы бир жаман жери айдоочуга тоскоолдук жаратып, жол кырсыкка кабылуу тобокелдигин жогорулатып жатканын белгиледи.

«Айдоочу ар нерсеге алагды болбой, сак болуп, жолду гана карашы керек. Мэрия бул маселени чечүү үчүн накталай төлөмдү көтөрүү сунушун коомдук талкууга койду», — деди Жапаров.

Өлкө башчы «Тулпар» карталарын О!, Megacom, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен, «Кыргыз почтасынын» филиалдарынан, «Тулпар» тейлөө борборлорунан, ошондой эле троллейбус менен автобустун айдоочуларынан сатып алса болорун эскертти.

«Эгерде жүргүнчү накталай эмес төлөп, 1,5 саат ичинде эки-үч жолу коомдук транспорт алмаштырса бир эле жолу жол кире төлөө механизми да иштелип жатат. Ошондуктан тез арада карточка алгыла», — деди Жапаров.

Президент накталай төлөм улана берсе мэрия анын баасын айласыз көтөрө турганын белгиледи.

11 Октябрь 2024 жыл 16:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча