Садыр Жапаров Кожентке барды

Президент Садыр Жапаров үч тараптуу саммитке катышуу үчүн Кожентке барды.

Маалыматка ылайык, аба майдандан мамлекет жетекчисин коңшу өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон тосуп алган.

Президенттерге ошол эле жерден кыргыз-тажик бийчилери салтанат тартуулашты.

Кожентте бүгүн Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын башчылары жолугуп, үч өлкөнүн чек арасы кесилишкен жер боюнча келишимге кол коюлары кабарланган.

31 Март 2025 жыл 9:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча