Кийинки президенттин ким болорун криминалдар чечип калышкан. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Айбек Бийбосунов тарткан «Президент» аталышындагы даректүү тасманын үчүнчү бөлүгүндө айтты.
Анын айтымында, ал учурда депутат, министр болом дегендер кримтөбөл Камчы Көлбаевге барып, уруксат алып келишчү.
«Депутат болом дегендер барып батасын алып келчү. Өздөрү президентке, премьер-министрге байланышка чыгып, баланчаны министр кылып кой деп айткан учурлары болгон. Атүгүл Ысык-Көл облусунда жергиликтүү кеңештерге депутаттар, мэр дагы криминалдар болуп калган», — деди өлкө башчысы.