
Ырчы, актриса, блоггер катары таанымал Салтанат Шекенова ТикТоктун жабылышы тууралуу пикирин serep.kg басылмасына билдирген.
Ал каршылыгы жок экенин айтты.
«Демократиялуу өлкө болгондон кийин, минтип кээ бир социалдык тармактарга чектөө кылган туура эмес. Эми өкмөт ТикТокту жабабыз десе менин өтө деле каршылыгым жок, жаппагыла деп пикетке чыкпайм, мунсуз деле жашап келгенбиз», — деди ал.