Самбо боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы Самаркандда өтөт

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы алгач ирет Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынын (FIAS) президенти Василий Шестаков билдиргенин, Өзбекстандын Самбо ассоциациясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Самаркандды дүйнөлүк биринчиликтин борбору катары тандоо чечими FIAS`тын аткаруу комитетинин 2025-жылдын 7-ноябрында өткөн жыйынында бир добуштан кабыл алынган. Чемпионат 2026-жылдын 6–8-ноябрь күндөрүнө белгиленген.

Василий Шестаковдун айтымында, бай тарыхы жана өзгөчө маданий мурасы менен белгилүү Самарканд шаары дүйнө чемпионатына өзгөчө маанай берип, эл аралык деңгээлдеги мелдешти жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк түзөт.

Эске салсак, самбо боюнча мурунку дүйнө чемпионаты 2025-жылдын 7–9-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн.

6 Январь 2026 жыл 14:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча