Самбо боюнча курама команда Дүйнө кубогунда 12 медаль тагынды

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө кубогунда 12 медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, мелдеш 15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» спорт комплексинде өтүп, ага 14 мамлекеттен келген 250дөн ашык спортчу катышкан.

19 Август 2024 жыл 8:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча