Самидинов: Кыргызстандын авиация тармагы өрүш алууда

Кыргызстандын авиация тармагы активдүү өнүгүүдө жана президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен модеринизацияланууда. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, аймактагы жана эл аралык аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштер аткарылып жатат.

«Бүгүнкү күндө биз бир нече аймактык аэропортторду реконструкциялоо иштерин аяктадык деп ишенимдүү айта алабыз. Нарын жана Казарман аэропортторун июнь айында ишке берүү пландалууда. Ошондой эле «Ысык-Көл» (Тамчы) аэропортунда аэробекеттин курулушу да активдүү уланууда», — деди Самидинов.

Өткөн жылдын аягында Каракол шаарында эл аралык аэропорт ачылган. Мындан тышкары, Ош шаарында жаңы аэробекеттин комплекси курулуп жатат. Жаңы терминал эл аралык, ал эми эскиси ички каттамдарды тейлейт.

«Биз Жалал-Абад шаарында эл аралык аэропорттун курулушун баштадык. Ага 380 гектар жер бөлүнгөн. Долбоордо 3800 метрлик учуу-конуу тилкеси, 6 учак токтотуучу жай, 12 миң чарчы метр аянтты ээлей турган аэробекеттин комплекси бар», — деп баса белгиледи ал.

Үстүбүздөгү жылы Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунда учуу-конуу тилкесин активдүү реконструкциялоо иштери башталып, үстүнкү катмары толугу менен алмаштырылууда, магистралдык жол узартылып, сигнал системалары жаңыланууда. Үчүнчү категориядагы жарык сигнал системасы ишке киргизилгенден кийин аэропорт аба ырайынын тоскоолдугуна карабастан, учактарды кабыл ала алат. Мурда мындай шартта учактар Алматыга же Ташкентке конууга аргасыз болушкан. Ошондой эле “Манас” эл аралык аэропортунун аэробекетин кеңейтүү пландалууда, анын аянты 18 миң чарчы метрге көбөйөт. Учактарды тейлөө үчүн көп сандагы жаңы техника сатылып алынды.

Манасбек Самидинов “Асман Ойл” туунду компаниясын өнүктүрүү боюнча маалымат берди. Долбоордун алкагында 2025-жылдын күз айларында пайдаланууга бериле турган 8 миң тонна кубаттуулуктагы мунай базасы курулуп жатат.

2024-жылдын сентябрь айында ишке кирген мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы да туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Учурда анын аймактык жана эл аралык каттамдарды аткарган эки учагы бар, анын ичинде Бишкек-Хожент багыты да бар.

«Авиакомпания ишке киргенден бери 100 миңге жакын жүргүнчү ташыдык. Үчүнчү учак июль айында келери күтүлүүдө. Ошондой эле ири эл аралык аэропортторго каттамдарды аткаруу үчүн чоң учактарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүп жатабыз», — деп кошумчалады Манасбек Самидинов.

29 Май 2025 жыл 10:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча