Сарыбашов Акаевдин ордуна депутат болуп келди

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын Таалайбек Сарыбашовго өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алынды.

Боршайкомдон билдиришкендей, ага ылайык Таалайбек Сарыбашов №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутат катары катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылды.

19 Февраль 2026 жыл 14:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча