Сексуалдык асылууга шектелген тез жардам фельдшери кармалды

Ташкентте бейтапка күч колдонуу менен сексуалдык муктаждыгын канааттандырган деп шектелген “Тез жардам” кызматкери кармалды. Бул тууралуу Gazeta.uz Ташкенттин ички иштер башкы башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирди.

Бул факты боюнча жыныстык каалоосун табигый эмес формада канааттандыруу айыбы менен кылмыш иши козголду. Тиешелүү беренеде 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

17-ноябрда журналист жана блогер Шахноза Соатова “Тез жардам” дарыгери бейтапты зордуктаганын билдирген.

Анын айтымында, дарыгер жаш баласы менен жалгыз жашаган бейтапка «үч жолу укол сайган», андан кийин аял бутун жана колун сезбей калган.

Фельдшер аялдын абалынан пайдаланып, уятсыз мамиле жасап, зордуктоого аракет кылган. Аял катуу каршылык көрсөткөн соң кетип калган.

Республикалык тез жардам борбору фельдшерге карата кызматтык териштирүү жана экспертиза дайындалганын кабарлаган.

22 Ноябрь 2023 жыл 9:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча