Сентябрдын аягында Бишкекте абанын булганышы чектен ашты

Бишкек шаарында 19-сентябрдан 25-сентябрга чейин атмосфералык абада булгоочу заттардын максималдуу концентрациясы чектен ашканы катталган.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, негизги булгоочу заттардын орточо суткалык концентрациясы белгиленген ченемдерден 2,67 эсеге ашты.

Адистер абанын булганышынын жогорку деңгээли тургундардын, өзгөчө балдардын, кары-картаңдардын жана өнөкөт респиратордук оорулары бар адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизерин эскертишүүдө.

Мүмкүн болушунча сыртка чыгууну азайтуу жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу сунушталат.

29 Сентябрь 2025 жыл 9:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча