Шаардыктардын эсине! Эртең коомдук транспортто жол киренин жаңы тарифи күчүнө кирет

Эртең, 30-январдан тарта, Бишкекте коомдук транспортто жол киренин жаңы тарифи күчүнө кирерин бизге вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди

Анын айтымында, эми жол кире төмөнкүдөй болот:

жол кире “көтөрүлдү” деген туура эмес, өздүк наркына туураланды.

7 жашка чейинки балдар менен пенсионерлер, майыптыгы барлар автобус менен троллейбустарда акысыз жүрөт. Маршруткада — 8 сом төлөйт.

Окуучулардын картасы 360 сом турат. Эгерде бир айда 44 жолу коомдук траснпортко түшсө, жол кире 8 сомдон айланат.

Чектөөсүз (лимитсиз) карта 1020 сом турат, айына каалаганча жүрүүгө болот. Күнүнө 4-5 жолу каттаса, жол кире 5-6 сомдон айланат.

Шаардыктарга заманбап автобустар келет, маршруткалар алынып, айдоочулардын иши көзөмөлдөнүп, эрежени 3 жолу бузгандар каттамдан алынат.

Айдоочулар маал-маалы менен кайра окутууга жөнөтүлүп турат. Бул үчүн атайын борбор ачылды.

29 Январь 2024 жыл 10:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча