Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев парламенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан айрым сөздөргө токтолуп, алардын катарында орундуу да, орунсуз да айтылган сындар бар экенин белгиледи.
“Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 3-сессиясыбызды баштадык. Биз шайланып келгенден бери өз милдеттерибизди так, даана жана ачык аткарып келе жатабыз. “Парламентте көп түрдүүлүк жок, депутаттар көз каранды, сырттан башкарылат, курч пикирлер айтылбайт” — деген сындардын баарын четке кагам. Анткени, депутаттар борбордук трибунада дагы, өз ордуларында дагы каалаган сөздөрүн айтып, каалагандай сүйлөп жатат. Эч кимге чектөө жок”, – деди Шакиев.
Төрага муну менен катар президент, министрлер кабинетинин төрагасы баштаган бийлик жетекчилерине парламентте сын айтылбайт деген пикирге да кошулбай тургандыгын белгиледи.
“Алар кетирген кемчиликтерди мен да, депутаттар да байма-бай айтып келебиз. Айрымдарын элге көрсөтүп, микрофон аркылуу жарыя кылбасак да, жолугуп, сын-пикирибизди, кеп-кеңешибизди билдирип жүрөбүз”, – деди төрага.