Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди да өзгөртүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу төрага бүгүн, 25-октябрда Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада айтты.
Анын айтымында, гимндин сөздөрү азыркы учурга ылайык келбейт жана аны ырдоо кыйын, мындан улам ал 5 жаштан 95 жашка чейин оңой ырдала турган гимн керек.