Шакиев Өзбекстанга кетти

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагаларынын кезектеги форумуна катышуу үчүн Өзбекстандын Хива шаарына жөнөп кетти.

Аталган форумда коңшу өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланышын чыңдоо маселелери талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле төрага иш-чаранын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Эскерте кетсек, төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Шарапаткан Мажитова, Чынберди Төлөнов жана Чыңгыз Ажибаев бар.

11 Сентябрь 2024 жыл 16:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча