Соң-Көлдөн мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Туристтик-экологиялык милиция ири көлөмдөгү мыйзамсыз балык уулоо фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Ысык-өл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-майда милицияга белгисиз жарандар мыйзамсыз балык уулап, аны сатып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 21-майда Соң-Көл көлүнүн чыгыш жээгинен мыйзамсыз балык уулаган Нарын облусунун 1985, 1988, 1989 жана 1998-жылы туулган жашоочулары кармалды.

Текшерүү учурунда алардан 198 даана сига лудога балыгы, 20 синтетикалык тор, 2 үйлөтмө кайык жана калактар, рация жана башка тиешелүү шаймандар табылган.

Учурда бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып, соттук-ихтиологиялык экспертиза дайындалды. Ошондой эле мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

22 Май 2026 жыл 9:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча