Сокулукта 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулат

Сокулук районунда соода-логистикалык борбор курулат. Бул маселе бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев менен Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен биргеликте ишке ашырылып жаткан соода-логистикалык борборду куруу долбоорунун даярдык иштеринин жүрүшүн талкуулашты. Азыркы учурда аталган долбоор боюнча активдүү даярдык иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

KOICA өкүлдөрү кыргыз тарапка долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары тууралуу маалымат беришти, анын ичинде долбоорлоо, каржылоо жана уюштуруучулук коштоо маселелери камтылды. Тараптар бул демилгени мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин ырасташты.

Долбоордун жалпы баасы болжол менен 6 млн долларды түзөт. Аны ишке ашыруу айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү жана сатуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондоо эле Кыргызстандын агрардык секторунун экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.

27 Март 2026 жыл 17:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча