Сокулуктагы сауналардын биринен сексуалдык кызмат көрсөткөн 7 жаран кармалды

Сокулук районунун аймагындагы сауналарды текшерүү улантылууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБден кабарлашты.

Ага ылайык, 24-августта Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан сексуалдык кызмат көрсөтүү менен алектенген жарандарды аныктоо максатында Сокулук районунун аймагындагы сауналар текшерүүгө алынды.

Иш-чара учурунда Сокулук айылындагы сауналардын биринен сексуалдык кызмат көрсөткөн 7 жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткизилген.

Аталган факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Учурда сауна ээсинин жана сексуалдык кызмат көрсөтүүнү уюштургандардын жоопкерчилиги каралууда.

24 Август 2023 жыл 19:14

Тема боюнча