1-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов акын жана активист Аскат Жетигендин иши боюнча чечим чыгарды.
Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен «күнөөлүү» деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыратты. Экинчи 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча сот активистти актады.
Мунун алдында Аскат Жетиген акыркы сөзүн сүйлөп, коюлган айыптарды четке каккан. Ал “социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган кайрылууларында элди бийликти басып алууга жана массалык башаламандыктарга чакырбаганын” кайталады.
“Мен ал жакта (ред: социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеолордо) адепсиздик кылгам. Ал үчүн элден кечирим сурайм. Бирок ал сөздөр Кылмыш-жаза кодекси менен чара көрүүгө туура келбейт. Административдик-процесстик кодекс менен айып салынып бүтө турган иш”, — деген активист.
Прокурор Аскат Жетигенди «күнөөлүү» деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен төрт жыл, “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен алты жыл чегерип, жалпы сегиз жылга абакка кесүүнү сураган.