Сот Разаковду үй камагына чыгарды

Сот мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду үй камагына чыгарды. Мындай чечим 16-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылды.

«Мурда айыпталуучуга карата чыгарылган камакта калтыруу чечими 2023-жылдын 24-июнуна чейин үй камагына чыгаруу менен өзгөртүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Жеңиш Разаков алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып кармалган.

19 Июнь 2023 жыл 18:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча