“Социал-Демократ” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков кармалды

“Социал-Демократ” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана бир нече мүчөлөрү добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда партия мүчөлөрүнүн добуштарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү делген жазуулар тараган. Ушул маалыматтардын негизинде Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүмүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин алкагында “Социал-Демократ” партиясынын лидери Т.С. жана мүчөлөрү К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р., А.Б. күбө катары суракка алынды. Анын натыйжасында Т.С., К.И. жана Т.Р. кылмыш жасоого шектелип кармалды.

Кармалган жарандар учурда Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда, жана анын жыйынтыгы менен бардык тиешелүү адамдардын аракеттерине мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.

14 Ноябрь 2024 жыл 22:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча