Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Социалдык келишим» долбооруна быйыл 2 млрд сом бөлүү, анын алкагында 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берүү каралып жатканын билдирди.
Мекеменин маалыматында, соңку 1,5 жылдын ичинде аталган долбоорго жакыр жана колу жука 13 миңге жакын үй-бүлөгө тартылды. Алардын басымдуу бөлүгү (71%) каражатты айыл чарба багытында иш баштоого жумшады.
«Программага катышкан 12 800 адамдын 95,8% негизинен айыл жеринде жашаган аялдар. Бүгүнкү 13 миңдей бизнес-долбоордун ичинен 17 адам гана катуу оорунун жана башка күтүлбөгөн жагдайлардан улам долбоорду аягына чыгара алган жок», — деп жазылган маалыматта.
Аталган министрлик буга чейин «Социалдык келишимдин» негизинде ишкерлигин мыкты жүргүзгөн үй-бүлөлөргө 200 миң сомго чейин үстөк пайызсыз насыялар берилерин билдирген.