Социалдык контракт: 7 миңден ашуун үй-бүлө менен келишимдер түзүлдү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 7 042 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү. 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, программанын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, “Социалдык контракт” программасы президентинин демилгеси менен 2022-жылы негизделген. Анын негизги максаты – үй-бүлөлөргө өз ишин баштоого көмөк көрсөтүүгө жана жана жашоо шартын жакшыртууга шарт түзүү болуп саналат. 

Алгач мамлекеттик колдоонун өлчөмү 100 миң сомду түзгөн болсо, 2025-жылдан тартып ал 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Программанын алгачкы катышуучуларынын ичинен 15 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан. Долбоордун катышуучуларынын көпчүлүгүн айыл жергесинде жашаган аялдар түзөт.

2026-жылы программага 13 334 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө катыша алат. Алардын ар бири өзүнүн бизнес-долбоорун ишке ашыруу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз мамлекеттик колдоого ээ болот.

Мындан тышкары, пайызсыз насыя берүү программасы да ишке ашырылууда. 2026-жылдын башынан бери 150 адам жеңилдетилген насыя алып, анын аркасында өз ишкердигин кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

16 Июль 2026 жыл 13:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча