Соцконтракт: Таласта 71 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

Талас облусунун Манас жана Бакай-Ата райондорунда «Социалдык контракт» программасынын алкагында 71 үй-бүлөгө жеке ишкерлигин баштоо үчүн 150 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, колдоо алгандардын тизмеси төмөнкүдөй:

  • Манас районунан — 31 үй-бүлө;
  • Бакай-Ата районунан — 40 үй-бүлө.

Эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматовдун айтымында, үстүбүздөгү жылы Талас облусу боюнча жалпы 682 үй-бүлөгө каражат берилет.

«Бул долбоор аймактарды өнүктүрүүгө жана Улуттук өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга чоң салым кошот. Катышуучулар өз үй-бүлөсүн киреше менен камсыз кылуу менен бирге, жергиликтүү коомчулуктун жашоо деңгээлин көтөрүүгө көмөктөшөт», — деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, программанын катышуучуларынын 94,2 пайызын айылдык аялдар түзөт.

6 Март 2026 жыл 10:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча