Соцтармакта тенденциялуу материалдарды жарыялаган жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду 

«Фейсбук» социалдык тармагына тенденциялуу материалдарды жарыялаган К.К. аттуу жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан К.К. аттуу КР жаранынын «Фейсбук» социалдык түйүнүндө КР Кылмыш-жаза мыйзамдарында кылмыш иши болуп саналган, региондорго таандык белгилери боюнча жарандардын өзгөчөлүгүн пропагандалоого багытталган тенденциялуу, провокациялык материалдарды жарыялаган ишмердиги аныкталып, ага бөгөт коюлду.

2024-жылдын 09-январында К.К.нын үйүндө тинтүү жүрүп, Кыргызстанда аймактар аралык тынчтыкка жана ынтымакка каршы кылмыш жасоого колдонулган уюлдук телефон далил буюм катары алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

11 Январь 2024 жыл 15:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча