Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектебинде өспүрүмдөр арасында спорттун эркин күрөш түрү боюнча турнир өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чара эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону, грек-рим күрөшү боюнча спор чебери Бакыт Дубанаевдин жаркын элесине арналып уюштурулган.
Ага калаа башчысынын орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал- Абад шаардык кеңешинин депутаты Байгазы Эргешов, Зарылбек Салиев, шаар тургундары жана спорт күйөрмандары катышты.
2 күнгө созулган турнирге Жалал-Абад облусунун ар кайсы аймактарынан жана Ош шаарынан жалпы 15 команда катышып, 400 гө жакын спортчу күч сынашты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлык жана Грамоталар тапшырылды.
Сопрттук иш-чара менен катар марафон өткөрүлдү. Иш-чара «Көк-Арт жаштар биримдиги» коомдук фонду тарабынан уюштурулган. Максаты — жаштар арасындагы ар кандай кылмыштуулуктун алдын-алуу жана өспүрүмдөрдү спортту сүйүүгө үндөө болуп саналат.
Белгилей кетсек, марафондо жыйналган каражат Көк-Арт кичи шаарчасын өнүктүрүүгө жумшалат.
Эске салсак, Бакыт Дубанаев 2006-жылы 22 жашында дүйнөдөн кайткан. Уюштуруучулар анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында мындай спорттук иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турарын белгилешет.