Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасын отставкага кетиришти

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун кызматтан кетүү боюнча өтүнүчүн канааттандырды.

Базарбековдун судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш президентке жөнөтүлдү.

Эске салсак, 2022-жылдын февраль айында Жогорку соттун төрагалыгына дайындалган Замирбек Базарбеков кечээ өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

10 Октябрь 2024 жыл 9:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча