Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен бидиришкендей, тиешелүү жумуштар №36 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылууда. Учурда 1 чакырым 200 метр аралыкка асфальт төшөлдү.

“Азыркы тапта жумуштар жолдун 8-чакырымында жүрүп жатат. Жол куруу бардык нормаларга жооп берет”, — деп айтылат маалыматта.

17 Июль 2024 жыл 13:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча