
Ысык-Көлдүн үстүндө чоң куюн болду.
Аны күбөлөр видеого тартып алып, социалдык тармакка жарыялаганын «turmush.kg» жазды.
«Тоң районунан Каракол шаарына бара жатканда көрүп калып, кокустан эле тартып алдык. Анда булуттар Ысык-Көлдөн суу ичип жатканын көрүүгө болот. Суу асманга кадимкидей көтөрүлдү», — дешти алар.