Сузак — Кара-Дарыя унаа жолуна асфальт төшөлүп бүттү (сүрөт)

Сузак — Кара-Дарыя унаа жолуна асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

Жалал-Абад облусуна караган бул жолду оңдоого «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №22 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылган.

Белгиленгендей, жалпы 12 чакырымды түзгөн Сузак-Кара-Дарыя унаа жолунун 4 чакырымына асфальт басылды.

7 Май 2024 жыл 14:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча